“Элкарт” төлөм тутумунда операциялардын токтотулушу жөнүндө

“Элкарт” төлөм тутумунда операциялардын токтотулушу жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

2020-жылдын 31-декабрынан тартып “Элкарт” төлөм тутуму аркылуу карталык эсептер менен операциялардын токтотулаары жөнүндө маалымдайбыз.

Ушуга байланыштуу, карталык эсептериңиздерди белгиленген мөөнөткө чейин жабууну суранабыз.

Байланыш үчүн телефондор:

  • 0 (312) 62 47 21

  • 0 (555) 62 47 21

  • 0 (705) 62 47 21

Банктын ишин токтотуу жөнүндө маалымат

Банктын ишин токтотуу жөнүндө маалымат

Урматтуу кардарлар!

Сиздерди терең урматтоо менен, Пакистан улуттук банкынын Директорлор кеңешинин чечимине ылайык, жакынкы аралыкта Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдайбыз. Ушуга байланыштуу, филиалда болгон эсептериңизди 2021-жылдын 28-февралына чейин жабууңузду өтүнөбүз.

Филиалдын жабылышы ыктыярдуу түрдө жүрүп жаткандыгын жана анын каржылык абалы туруктуу экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Филиал өз милдеттенмелерин толугу менен аткарууга жана бардык аманатчылар менен эсептешүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт, биздин урматтуу кардарларыбыз / аманатчыларыбыз өз муктаждыктары үчүн башка банкты тандап алууга жана тандоодо ыңгайсыздыктардын пайда болбошу үчүн берилген.

Пакистан улуттук банкынын Бишкек филиалы, Сиздерге, узак мөөнөттө, жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирет жана келечекте ийгиликтерди каалайт!

Жазуу түрүндөгү билдирүүнү банктын төмөндөгү дареги боюнча алууңузду өтүнөбүз: Бишкек шаары, Москва көч. 84, тел. 624721 (105, 107), 624723

Активдүү эмес кардарлардын эсептери жөнүндө

Активдүү эмес кардарлардын эсептери жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

Пакистан улуттук банкынын Бишкектеги филиалы, 25.08.2020-жылдагы тарифтерине ылайык, 12 ай ичинде эч кандай операциялар жүргүзүлбөгөн эсептерди тейлөө үчүн комиссия ала баштагандыгына дагы бир жолу көңүлүңүздү бурабыз. Нөлдүк калдыгы бар кардарлардын эсептери банк тарабынан алдын-ала эскертүүсүз, бир тараптуу жабылат.

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

  • 0 (312) 62 47 21, (105), (106), (107)

  • 0 (555) 62 47 21

  • 0 (705) 62 47 21

Активдүү эмес кардарлардын эсептери жөнүндө

Активдүү эмес кардарлардын эсептери жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

Пакистан улуттук банкынын Бишкектеги филиалы, 12 ай ичинде эч кандай операциялар жүргүзүлбөгөн, нөлдүк балансы бар же минималдык баланстан төмөн баланска ээ болгон кардарлардын эсептери, банк тарабынан алдын ала эскертүүсүз, бир тараптуу жабыла тургандыгын маалымдайт.

Байланыш үчүн телефондор:

  • 0 (312) 62 47 21

  • 0 (555) 62 47 21

  • 0 (705) 62 47 21