Урматтуу Кардарлар!

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалынын 2020-жылдын 13-октябрынан тартып иштөө убактысы жөнүндө маалымдайбыз.

Кардарларды тейлөө, анын ичинде Интернет-банкинг тутуму аркылуу операцияларды жүргүзүү – 9.00дөн 16.00гө чейин.

Гросс тутумун колдонуу менен төлөмдөр саат 15.30га чейин кабыл алынат.

SWIFT тутуму аркылуу чет өлкөлүк валютадагы операциялар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 2020-П-11/60-1-(НПА)” SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Кардарлардын пайдасына чек ара аркылуу келип түшкөн төлөмдөрдү кабыл алууга – чектөөлөр жок.