Урматтуу кардарлар!

Өлкөдө коомдук-саясий кырдаал турукташкандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2020-жылдын 20-октябрында SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу боюнча төлөмдөргө коюлган чектөөлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

2020-жылдын 21-октябрынан тартып банк тарабынан акча которуу системалары боюнча жеке адамдардын эсеп ачуусуз акча которуу операцияларын, SWIFT системасын жана альтернативдүү байланыш каналдарын кошуу менен эл аралык жана улуттук төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү, которуу операцияларын эч кандай чектөөлөрсүз ишке ашырылат.

Төлөмдөрдү жүргүзүү жана которуу операцияларын ишке ашырууда банк тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптары сакталат.

Байланыш үчүн телефондор:

  • 0 (312) 62 47 21

  • 0 (555) 62 47 21

  • 0 (705) 62 47 21