Урматтуу кардарлар!

Сиздерди терең урматтоо менен, Пакистан улуттук банкынын Директорлор кеңешинин чечимине ылайык, жакынкы аралыкта Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдайбыз. Ушуга байланыштуу, филиалда болгон эсептериңизди 2021-жылдын 28-февралына чейин жабууңузду өтүнөбүз.

Филиалдын жабылышы ыктыярдуу түрдө жүрүп жаткандыгын жана анын каржылык абалы туруктуу экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Филиал өз милдеттенмелерин толугу менен аткарууга жана бардык аманатчылар менен эсептешүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт, биздин урматтуу кардарларыбыз / аманатчыларыбыз өз муктаждыктары үчүн башка банкты тандап алууга жана тандоодо ыңгайсыздыктардын пайда болбошу үчүн берилген.

Пакистан улуттук банкынын Бишкек филиалы, Сиздерге, узак мөөнөттө, жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирет жана келечекте ийгиликтерди каалайт!

Жазуу түрүндөгү билдирүүнү банктын төмөндөгү дареги боюнча алууңузду өтүнөбүз: Бишкек шаары, Москва көч. 84, тел. 624721 (105, 107), 624723