Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы калкка кызмат көрсөтүү максатында 2000-жылы түзүлгөн (лицензия №045). Көп жылдар бою банк өзүнүн ишеничтүү экенин кардарлардын көбөйүүсүнүн негизинде ырастады жана калктын ишеничине ээ болду. Кардарлардын учурдагы жана келечектеги муктаждыктарын эске алуу менен, биз мындан ары да өнүгөбүз жана кызматтарды жакшыртабыз. Азыркы учурда банк – жеке жана юридикалык жактарга кенен тейлөө көрсөткөн, заманбап, туруктуу жана динамикалык каржы түзүмү. Биздин банкта өз кесибин мыкты билген, жоопкерчиликтүү, жылуу – жумшак мамиле кылууну билген кызматкерлер ар дайым кардарларга жардам берүүгө даяр.

nbp-map-9

Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалынын артыкчылыгы – тейлөө деңгээлин көтөрүү, банктык тейлөөлөрдү кеңейтүү, калктын баардык катмарына тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу болуп эсептелет.

Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы Кыргыз республикасынын аймагында калкка, чакан жана орто бизнеске кызмат көрсөтүү жагынан мыкты банк болуп саналат, ошондой эле калктын бардык катмарына тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аракет кылып келет. Өзүбүздүн ишибизде биз кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу негиздерине таянабыз. Биз бизнес экономиканын жана коомдун өнүгүүсүнүн негизи экенин түшүнөбүз. Ошондуктан биздин негизги принцип коомдук жоопкерчилик болуп саналат.

Биздин банк кардарлардын жана өнөктөштөрдүн арасында коомдук ишенимди жаратуусун каалайт. Биздин ар бир кадамыбыз, банктын баркын колдоого умтулуу.

Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалынын уюштуруу жана уруксат документтери менен Бишкек шаары, Москва көчөсү, 84 дареги боюнча таанышсаңыздар болот.