Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы сапаттуу жана талапка ылайык кызматтарды көрсөтүү менен чакан жана орто бизнес сегментинде жана чекене рыногунда жетектөөчү банк болуу максатын көздөйт.

Биздин иш аракетибиздин максаты:

  • каржы ресурстарын башкарууда эффективдүү механизмдерди түзүү аркылуу өнөктөштөрүнүн жана кардарларынын өсүүсүнө көмөктөшүү;
  • калктын жана бизнестин абалын жакшыртуунун өсүшүнө көмөктөшүү аркылуу өлкөнүн бакубаттуулугун арттыруу, бизнестин коомдук негиздерин сактоо;
  • жеке жана юридикалык тараптардын жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн каржылык тейлөө кызматтардын толук комплексин өз убагында камсыз кылуу;
  • банктын ресурстарын жана каржылык тейлөө кызматтарын, өнөктөштөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн колдонуу. Банк кызматтарын калктын жашоосунда ажырагыс жана керектүү бөлүгү кылуу;
  • кардарлардын жана өнөктөштөрдүн, акционерлердин, кызматкерлердин жана жалпы эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн банктын туруктуу өсүүсү жана аны өнүктүрүү.

Биз, өзүбүздүн өнөктөштөрүбүз менен коомчулукта жана бизнестин өкүлдөрү менен, олуттуу кадрдык дараметибиз жана туруктуу диалог жүргүзүү аркылуу иштөө тажрыйбабыз менен өз максаттарыбызга жетишебиз деп ишенебиз. Биз, негизги жоболорду ишке ашыруу үчүн, бул максаттарга баардык учурлар үчүн жөнөкөй, так жана жеткиликтүү кызмат менен камсыз кылуу аркылуу жетүүнү көздөйбүз – биздин кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ар бири үчүн кам көрөбүз.