«Элкарт» төлөм картасы — бул сиздин эсебиңиздеги акча каражатын башкаруунун төлөм куралы. Картанын жардамы менен сиз акчаны банкомат же терминал аркылуу ала аласыз, ошондой эле үй бүлөлүк эсеп ачса да болот (картаны бардык үй бүлө мүчөлөрү үчүн ачса болот).

Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы карталарды улуттук валютада 2 жыл мөөнөткө сунуштайт.

Сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүз:

  • Карта жоголгон учурда акчанын сакталышы; кардардын арызы боюнча карта автоматтык түрдө жабылат;
  • Карта менен сиздин акча каражатыңыз ыңгайлуу жана коопсуз болот; чоң акча каражаттарын алып жүрүүдөгү коопсуздук;
  • Накталай акчаны банктан же болбосо башка банктардан алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле көпчүлүк банкоматтар күнү-түнү иштейт;
  • Үй бүлө мүчөңүзгө кошумча карта жасатып, акча которуу, акча алууну алар үчүн жеңилдете аласыз.

Кыргыз республикасынын банктарынын колдоосу менен Элкарт картасын колдонуу күн сайын көбөйүүдө.

nbp-map-12

Коммуналдык жана кызмат акыларын накталай эмес төлөө

Банкоматтар аркылуу картанын жардамы менен коммуналдык төлөмдөрдү төлөй аласыздар:

  • Жылуулук жана ысык суу үчүн;
  • Электр энергиясы үчүн;
  • БГТС телефону үчүн.

Банкоматтар аркылуу акча которуулар

Өзүңүздүн картаңыздан каалагандай суммадагы акчаны, банкоматтарда «АКЧА КОТОРУУЛАР» кызматы аркылуу которо аласыздар.

Карта алуу үчүн төмөнкүлөр керектелет:

  • Элкарт картасын алуу жана тейлөө үчүн банк менен келишим түзүү;
  • Паспорттун же болбосо өздүгүн тастыктоочу документ.

Маалымат үчүн телефондор: +996 (312) 62-47-21, +996 (555) 62-47-21, +996 (700) 62-47-22