Пакистан Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы жаңы кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдайт! Банкоматтар аркылуу төмөнкү кызматтар үчүн коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алат:
- жылытуу жана суу менен камсыз кылуу (Бишкек жылытуу системасы);
- электр энергиясы (Түндүкэлектро);
- телефон (БГТС).
Көрсөтүлгөн коммуналдык жана байланыш үчүн төлөмдөрдү сиздерге жакын болгон банкоматтардан төлөсөңүздөр болот.
Бул кызматтарды төлөө үчүн банкоматтын экранында кийинки көрсөтмөлөрдү аткаруу жетиштүү:
- Картаңызды салыңыз (Төлөмдөрдү төөлөө үчүн сиздин картайыз активдүү болушу керек)
- Тилди тандап, ПИН-кодуңузду жазыңыз
- «Коомуналдык төлөмдөр, акча которуулар» тандоо
- Төлөм түрүн тандоо
- Төлөм чоо-жайын киргизүү
- Төлөм суммасын киргизүү (тыйын менен сумманы киргизүү мүмкүн)
- Төлөмдү ырастоо
Көңүл буруңуздар! Коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөөдө квитанцияда көрсөтүлгөн так сумманы тыйыны менен киргизиңиз.