Банк сиздин эсебиңиз боюнча финансылык операциялар жөнүндө маалымдап турат. Маалымат финансы операциядан кийин дароо жөнөтүлөт.

Кээ бир учурларда, мисалы абонент убактылуу жеткиликтүү болбосо СМС билдирүүлөр кечигип келиши мүмкүн. Бул мобилдик байланыштан көз каранды болот.

Мобилдик СМС – билдирүү кызматы

Мобилдик СМС – билдирүү кызматы бул Сизге ыңгайлуу болгон убакта мобилдик телефон аркылуу банк эсебиңиздеги операциялар тууралуу маалымат алуу кызматы.

Бардык операциялар Мобилдик банкинг кызматынын алкагында оператордун атайын номерине СМС жөнөтүү жолу менен аткарылат.

Көрсөтүлгөн номерлерге СМС – билдирүүнүн төлөмү мобилдик операторлордун тарифтерине ылайык болот.

Сиз кыска мөөнөттүн ичинде эсебиңиз туралуу баардык маалыматты ала аласыз.

Балансты суроо талабы

Банк эсебиңизде канча каражат калгандыгы тууралуу маалыматты алуу үчүн оператордун атайын номерине «БАЛАНС» же «BALANCE» деген сөзү менен СМС – билдирүү жөнөтүү керек.

Мындан кийин Банк сизге дароо эле банк эсебиңиз тууралуу СМС – билдирүү жөнөтөт.

Маанилүү маалымат:

Номер туура эмес көсөтүлсө же болбосо сырдуу сөз туура эмес жазылса СМС – билдирүү жөнөтүлбөйт.

Телефонуңузду жоготкон учурда СМС – билдирүү кызматын токтотуу

Эгерде уюлдук телефонуңузду жоготсоңуз, үчүнчү жактар сиздин эсебиңиз тууралуу маалымат албашы үчүн Сиз СМС – билдирүү кызматын +996 (312) 62-47-14, +996 (312) 62-47-21 (121) номерлерине кайрылып кызматты убактылуу токтотсоңуз болот.

Бул кызматка кантип кошулууга болот?

  • Арыз формасын толтуруу.
  • Банк менен келишим түзүү.
  • Кызмат Банктын тарифтерине ылайык көрсөтүлөт.

Тарифтер жана шарттар:

Биздин учурдагы тарифтер менен кененирээк «Тарифтер» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

Кызмат тууралуу суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот:

+996 (312) 62-47-21 (доб. 104, 105, 106, 107, 121)