Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы СМС билдирүү кызматын тартуулайт. Бул кызмат менен ЭЛКАРТ картасы аркылуу жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр тууралуу маалымат алсаңыз болот. Төлөмдөр тууралуу маалымат сиздин телефонуңузга СМС билдирүү түрүндө келип турат.

Сиз бул кызматка бир нече номерди кошуп алсаңыз дагы болот.

Бир номер үчүн бир айга болгону 60 сом комиссия төлөнөт.

Кызматтын негизги артыкчылыктары?

  • эсепти туруктуу көзөмөлдөө;
  • колодонуунун жөнөкөйлүүлүгү жана ыңгайлуулугу;
  • жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн санына карабастан туруктуу комиссия төлөө;
  • СМС билдирүү сиздин картаңызды коргоочу ыкманын бири болуп саналат. Эгерде картаңыздан акча алынганы туралуу СМС билдирүү алсаңыз жана ал операцияны сиз аткарган эмес болсоңуз, анда картаны дароо тейлөө кызматы аркылуу блокко койсоңуз болот.

Бул кызматты кантип кошуп алсаңыз болот?

  1. Берилген арызды толтуруп, банк менен келишим түзөсүз;
  2. Келишим түзгөндөн соң, бул кызмат бир күндөн кийин ишке киришет.

Маанилүү маалыматтар:

  1. Картаңыздын мөөнөтү бүткөндө СМС билдирүү кызматы автоматтык түрдө токтотулат;
  2. Азыркы учурда СМС билдирүү кызматы Megacom, Beeline жана О! мобильдик операторлорунун абоненттерине сунушталат;
  3. Ар бир айдын аягында, комиссия, сиздин эсебиңизден автоматтык түрдө алынат.

СМС билдирүүлөр:

  1. Авторизация тууралуу жана авторизацияны жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтар (реверсалдар);
  2. Эсепке/эсептен акча которуу жана чыгаруу (акча которууга чейинки/кийинки балансты көрсөтүү менен);
  3. Төлөнө элек карыздар тууралуу маалымат (Reminders);
  4. Картаны узартуу же жаңы карта жасатуу туралуу маалымат;
  5. Баланс тууралуу маалымат («bali» сөзүн 4590 кыска номерине жөнөтүү);
  6. Мезгил ичиндеги картадагы акча кыймылы тууралуу көчүрмө («msti» сөзүн 4590 кыска номерине жөнөтүү);
  7. Картаны стоп-листке которуу («usl» сөзүн 4590 кыска номерине жөнөтүү).

Маалымат үчүн телефондор: +996 (312) 62-47-21, +996 (555) 62-47-21, +996 (700) 62-47-22