Коммуналдык жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу Интернет-банкинг системасы аркылуу калыбына келтирилди

Урматтуу кардарлар!

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы коммуналдык жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Интернет-банкинг системасы аркылуу 2019-жылдын 28-февралынан тартып өз ишин кайрадан баштагандыгы жөнүндө маалымдайт.

Жаңы жылдык майрам күндөрүнө карата банктын иштөө тартиби

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык банк төмөндөгүдөй иштөө тартибин белгилейт:

31-декабрь 2018 – жумуш күнү, кардарларды тейлөө – 12-00 гө чейин.

2019-жылдын 1-январынан 7-январына чейин – дем алыш.

Continue reading →

Улуттук валюта менен 2018-жылдын аягына карата төлөмдөрдү кабыл алуу!

Урматтуу кардарлар!

Автоматташтырылган төлөм тутумдарынын ашыкча жүктөмүнө жол бербөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук валюта боюнча негизги төлөмдөрдү 2018-жылдын 27-декабрына чейин жүргүзүүнү сунуштайт.

Ушуга байланыштуу Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы бардык негизги төлөмдөрдү көрсөтүлгөн убакытка чейин жүргүзүүнү суранат.

Continue reading →

2018-жылдын 27-октябрында саат 10:00дөн 17:00гө чейин техникалык иштер жүргүзүлөт

Урматтуу кардарлар!

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы 2018-жылдын 27-октябрында Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 10:00дөн тартып 17:00гө чейинки аралыкта техникалык иштер жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт. Көрсөтүлгөн убакытта бардык системалар, анын ичинде интернет банкинг жана перифериялык жабдуулар жеткиликтүү болбойт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!

2018-жылдын 29-июнуна катара уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук талаптарына ылайык, өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүү жүзөгө ашырылгандыгын маалымдайт.

Continue reading →

ИНТЕРНЕТ-КӨЧҮРМӨ аркылуу электрондук түрдө көчүрмөлөрдү алуу

Урматтуу кардарлар!

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы 2018-жылдын 1-мартынан тартып эсептер боюнча “ИНТЕРНЕТ-КӨЧҮРМӨ” системасы аркылуу электрондук түрдө болорун маалымдайт. Continue reading →

GBP менен корреспонденттик эсебин жабуу жөнүндө маалымат

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы Бириккен Улуттук банкта (United National Bank, London GB) корреспонденттик эсебинин № 0001000177001 жабылгандыгына байланыштуу Британиялык фунт стерлинг (GBP) менен операциялар токтотулгандыгын маалымдайт.

Интернет-банкинг кызматы аркылуу “Тез төлөм” кызматы ишке кирди

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы Интернет-бакинг тармагы аркылуу «Тез төлөм» жаңы кызматын ишке киргизгендиги жөнүндө кабарлайт. Бул кызмат ар кандай мекемелердин пайдасына эсеп счетунан накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө, уюлдук телефонго саналуу секундаларда бирдик жүктөөгө, коммуналдык жана интернет-провайдерлердин, телекөрсөтүүлөрдүн жана башка көптөгөн тейлөөлөрдүн акысын төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Continue reading →

2017-жылдын 29-май айынан тартып тарифтердин өзгөрүүсү жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы 2017-жылдын 29-май айынан тартып Банкта жаңы тарифтер киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт. Жаңы тарифтер менен төмөнкү дарек боюнча таанышсаңыздар болот: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 84.